18-ноябрдан 18-декабга чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин, Кубакы ашуусунун бурулушуна чейин, жол кыймылы жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул курулуп жаткан темир жолдун 37-43 чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу.
«Жардыруу иштери дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин жүргүзүлөт. Жардыруу иштери Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жолго чыгууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз», — деп жазылат маалыматта.