• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Балыкчы-Корумду жолу качан курулуп бүтөөрү белгисиз

15 Бугу 201914:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Профильдик ведомство Балыкчы-Корумду жолун качан куруп бүтөт азырынча айта албайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Унаа жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин директорунун орун басары Акуналы Досалиев билдирди.

Анын айтымында, жолдорду куруу иштерине 9 миллиард сом керектелет. Бюджеттен болгону 3,6 миллиард сом бөлүнгөн.

«Иштин 50 пайызынан көбү аткарылды. Азырынча качан аяктайт айта албайбыз. Баардыгы каржылоодон көз каранды», -деди ал.

Количество просмотров: 44