• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Балыкчы-Корумду жолун курууда 118 миллион сомдук тартип бузуу болгон

9 Тогуздун айы 2018 14:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.10.2018. Govori.TV
Балыкчы-Корумду жолун курууда 118 миллион сомдук тартип бузуу аныкталган. Бул тууралуу бүгүн  Жогорку Кеңеште комитетте Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Мариповдун айтымында, учурда аталган факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.
“Долбоордун планы боюнча сульфатка туруктуу цемент алынат деп көрсөтүлүп, бирок иш жүзүндө жолду курууга жөнөкөй цемент колдонулган. Мындан улам 118 миллион сомдук тартип бузуу табылган. Жалпы жонунан жолго цемент үчүн деп 256 миллион сом каралган. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө”, — деди төрага.
Количество просмотров: 30