Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.
Бош турган Балыкчы шаарынын мэри кызматына эки талапкер ат салышат. Бул туурасындагы маалыматты БШКнын маалымат бөлүмү билдирүүдө.
Маалыматка таянсак аймактык шайлоо комиссиясына “Замандаш” жана “Кыргызстан” депутаттык фракцияларынан талапкерлер мэр болуу ниетин ачыкташкан.
Шайлоо 2019-жылдын 14-майына белгиленген.
“Замандаш” фракциясынан чыккан талапкер Марат Кудайбергенов 26 жашта. Балыкчы шаарында төрөлгөн. Билими жогорку Ж. Баласагын атындагы кыргыз Улуттук Университетинин “Финасы жан кредит” бөлүмүн аяктаган.
Ал эми “Кыргызстан” фракциясынан Мирбек Шакиров кырктын кырында. Ысык-Көл облусунун Бөкөмбаев айылында төрөлгөн. К.И.Скрябин атындагы агрардык университеттин аяктап. Экономист.