• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Балыкчыда 3 км темир жолу оңдолду

11 Чын куран 202515:31 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында 3 км темир жолу оңдолду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында темир жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланып жатат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр поезд менен түз эле Балыкчынын көл жээгине чейин жете алышат.

Негизги иштер:

 Эски рельстерди Р 65 тибиндеги рельстерге алмаштыруу;

— Жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга алмаштыруу;

— Жалпы 5 км 400 м аралыкты оңдоо пландалган, анын ичинен 3 км 400 м иш аяктап, учурда жумуштар уланууда.

Белгилей кетсек, бул иш-чаранын негизги максаты – жайкы мезгилде Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезддеринин кыймылын коопсуздугун камсыздоо саналат.

Количество просмотров: 254