• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Балыкчыда 6-класстын окуучусун зордуктаган шектүү кармалды

22 Чын куран 2019 16:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Балыкчы шаарында алтынчы класстын окуучусун 30-жаштагы адам зордуктаган. Бул тууралуу Ыссык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

“16-апрелде 2006-жылы туулган кыз зордукталды деп арыз менен ата- энеси кайрылган”,- деп билдирет ведомствонун басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Кийин бул маалыматты жергиликтүү жашоочулар тастыктады. Сталбек Усубакуновдун айтымында шектүү кызды алдап өзүнүн үйүнө алып келип зордуктаган. Азыркы учурда атайын экспертиза дайындалган. Жабырлануучу өз үйүндө, абалы туруктуу. Кармалган адам тергөө жайына киргизилген.

Количество просмотров: 3