• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Балыкчыда айдоочу 5-класс кызды сүзүп качып кеткен

27 Үчтүн айы 2024 9:57 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында 5-клаастын окуучусун унаа сүзүп кетти. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсык видеого түшүп калган.

«26-январда саат 14:30дар чамасында Балыкчы ШИИБге Манас менен Аманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кызды унаа коюп кетти деген маалымат түшкөн. Жабыркаган кыз Балыкчы шаарындагы жеке мектептин бешинчи классынын окуучусу А.Ф. экендиги аныкталды. Кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Унаа Балыкчы ШИИБге тиешелүү GEELI Mongarа үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа болуп чыккан.

«Тергөө кызматына Балыкчы ШИИБдин участкалык кызматкери К.Б. келип, аталган кызматтык автоунааны айдап баратып өспүрүм кызды сүзүп алганын, окуя болгон жерден качып кеткендигин билдирди. Текшерүүдө ичимдик ичпегендиги белгилүү болду. Канынан да үлгү алынган. Автоунаа айып короого киргизилди», — дешти милициядан.

Объективдүү текшерүү жүргүзүү үчүн кырсык болгон жерге Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү, Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын өкүлдөрү барган. Ишти Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги көзөмөлгө алганы айтылды.

Количество просмотров: 710