• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда баңгизат саткан шектүүлөр кармалды

24 Аяк оона 202516:00 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарына баңгизатын системалуу түрдө ташып келгендер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн кол менен даярдашкан.

22-сентябрда Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда кармалып, тинтүү учурунда 6 килограмм баңгизат, баңги каражаттарын жасоо үчүн буюмдар, ошондой эле катталбаган «Тоз 8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар алынган.

Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалып, Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 181