• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ири өлчөмдөгү баңгизат соодасына бөгөт коюлду

19 Бугу 202611:31 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды таратууга аракет кылган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, 16-майда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында атайын даярдалган жашыруун жайдан баңгизат каражаттарын алып чыгып, аны андан ары сатуу максатында аракет кылып жаткан учурда Кыргызстандын жараны А.Д.А. кылмыш үстүндө кармалды.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган заттар жалпы салмагы 8 кг 943 гр болгон «гашиш» баңгизаты экени аныкталды.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 81