Кечээ, 6-мартта Балыкчыда ээн имараттан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Govori.TVга Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, учурда ымыркайдын энеси изделүүдө.
«Окуя Балыкчыда кечээ, 6-мартта катталды, бош калган имаратта кара баштыкка салынган ымыркайдын денеси табылган. Учурда тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзүп жатабыз, баланын энеси изделип жатат», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.