Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракеси 3 күн бою уланып, анда анын бай мурасын даңазалаган бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
Анын бири Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында 2 боз үй тигилип, 3 күн катар манас айтылат.
Мааркенин негизин манас айтуу, илимий конференция жана салттуу ат оюндары камтыйт.
Бүгүн илимий конференция өткөрүлүп, эртең, 19-октябрда Ак-Өлөң айылында уюштурулуучу майрамга 50 боз үй тигилип, кыргыз элинин салт-санаасын чагылдырган маданий иштер көрсөтүлөт.
Бул маараке Саякбай Каралаевдин өмүрүн жана чыгармачылыгын эскерүү менен бирге, манасчылык өнөрдүн уланышына жана анын маданий мурасын сактап, өнүктүрүүсүнө чоң салым кошот.
Мындан сырткары 20-кылымдын Гомери аталган, доордун залкар манасчысы, Ысык-Көлдүн кулуну Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгын белгилөө иш- чараларына шаардагы бардык билим берүү, жана башка мекеме, ишканалар активдүү катышууда.