• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Балыкчыда эл уран казууга мораторий киргизилди деген документти талап кылды

25 Чын куран 201916:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

Ыссык-Көлдө эл өкмөт менен жолугуп Кызыл-Омпол уран казуу маселесин талкуулашты. Элдин атынан чыккан жергиликтүү тургун ичип жаткан сууларды ичкенге эмес кийимди жууганга болбойт деген чечимдерди кагаз түрүндө бар экенин, 2013-жылы радиациядан элдер ооруп мурдунан кан аккандарын айтып кетти.

Мындан тышкары тургундар түзүлгөн комиcсиянын мүчөлөрү билими жок физиканы окуган эмес, эгер физиканы окууса буга жол бербейт болчу деп чыгышты. Жергиликтүү тургундар президенттен кенди такыр токтотулганын, эч кимге иштетүүгө берилбей тургандыгын, мораторий киргизилгендиги тууралуу кагаз жүзүндө тастыктаган документ талап кылышты.

https://www.facebook.com/1295014787248980/videos/350524015810747/UzpfSTEwMDAwMzkxNDMxMjIwNTpWSzoyNjM5ODUxOTk2MDg3MDc4/

“Эгерде 29-апрелге чейин бизге тастыктаган документ бербесе, анда биз мэриянын алдына 29-апрелде митингге чыгабыз. Берген күндө деле биз ишене албайбыз. Ыссык-Көл облусунун бардык айылынан келет. Нарын облусунан да келет”,- дейт тургун.

Комиссия уран кенин иштетүү жабылганын, иштетмек турсун чалгындоо жүргүзүүгө акысы жоктугун билдирип, расмий түрдө жумуш токтотулганы боюнча атайын документ берилерин айтты. Бирок элдин атынан чыккан тургун аны коркутуп, өлтүрүп кетем деген адамдарга чара көрүп берүүсун жана лицензияны жокко чыгарды деген документ кереги жоктугун, аларга иштетилбейт, мораторий киргизилди деген документти талап кылды.

Количество просмотров: 22