• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Балыкчыда эжеси менен уруша кеткен өспүрүм асынып алды

25 Баш оона 202112:15 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарынын каралбай каралган имаратынын ичинен, мурда дайынсыз жоголгон баланын асынып өлгөн денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 24-август күнү болжол менен саат 19.10 чамасында Балыкчы ШИИБне, «Судоремонт» заводунун күн чыгыш тарабынада жайгашкан эски каралбай калган имаратынын ичинде, 18-20 жаштагы белгисиз уландын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар түшкөн.

Аталган кабар боюнча окуя болгон жерге барышкан шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу, белгисиз улан имараттын ичинде арканга асынып, каза болгондугун аныкташкан. Сырткы кароо жүргүзүү учурунда, уландын денесинен криминалдык тактар байкалган эмес.

Аталган факт, Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Табылган белгисиз уландын эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал, мурда дайынсыз жоголгон катары изделип жаткан 17 жашар С.А. болуп чыкты. Уландын өздүгүн, анын туугандары да тастыкташты.

Шаардык милициянын айтымында, 15-августа Балыкчы ШИИБне Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын уулу С.А. 13-августа болжол менен саат 11.00 чамаларында Балыкчы шаарындагы үйдөн чыгып, кайра кайтып келген эместигин маалымдаган.

Аталган факт, Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, дайынсыз жоголгон уландын эжеси, 27-жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну Э.С. күбө катары суралган. Күбөнүн көрсөтмөсү боюнча, анын иниси С.А. анын Балыкчы шаарындагы үйүндө убактылуу жашап, дүкөндөрдүн биринде иштеп келген. Ошол күнү алардын ортосунда, иниси ишинен дем алыш күн алгандыгы боюнча пикир келишпестик келип чыгып, анын натыйжасында эжеси инисин катуу урушуп койгон. Ушундан улам, иниси үйдөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.

Количество просмотров: 439