• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Балыкчыда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланды

19 Жетинин айы 2021 12:28 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-ноябрда саат 07:10 чамасында Балыкчы шаарынын Гагарин көчөсүндө көп кабатту үйдүн бир батири күйүп жатат деген маалымат түшкөн.

Жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:30 өрт чектөөгө алып 07:50 толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен Ш. Т. 1947-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып, куткаруучулар жабыркаган жаранды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Жалпысынан батирдин ичиндеги үй буюмдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 237