• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда муниципалдык транспорт ишканасы ачылды

19 Аяк оона 202410:04 Бишкек Govori.TV

Кечээ Балыкчы шаарында жаңы муниципалдык транспорт ишканасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Шаардык мэриянын алдында ачылган автотранспорттук кызмат көрсөтүү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананын транспорттору шаар ичинде жана шаардын калктуу конуштарын камтыган маршруттар боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Учурда ишкананын паркында 6 автобус, 8 кичи бус бар. Шаардын мэри Азамат Арнабек уулу ишкананын ачылышында шаардагы жеке менчик эл ташуучу маршруттардын муниципалдык маршруттук каттамга өтө тургандыгын айтты. Ошондой эле мамлекетке өткөн автобекеттин жаңы ачылган автобазанын балансына берилээрин билдирди.

Ишкананын жетекчиси Улан Борбашевдин айтымында, учурда 30 кызматкер штатка алынган. Алар элге кызмат көрсөтүүдө жеткиликтүү бааларды, ыңгайлуу графиктерди түзүп, мекеменин автопаркын көбөйтүүнүн жана жакшыртуунун үстүндө иштешмекчи.

Количество просмотров: 101