• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Балыкчыда сууга түшүп кеткен өспүрүмдөр куткарылды

8 Үчтүн айы 2024 18:01 Бишкек Govori.TV

Балыкчыда сууга түшүп кеткен өспүрүмдөр куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабаралшты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-январда саат 15:29да Балыкчы шаардык №19 ӨКБнын нөөмөт бөлүмүнө Озерная кѳчѳсүндөгү 8-кѳлмѳсүндѳ балдар муз тээп жатып, сууга түшүп кеткендигин милиция кызматкери билдирген.

Жерине ыкчам түрдө 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен тартылган. Куткаруучулар чала тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп, өз жандары үчүн күрөшүп жаткан балдарды куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман алып чыгышкан.

Жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, «Тез жардам»кызматына өткөрүп беришкен. Учурда балдардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 429