• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Балыкчыда турак үй өрттөндү

23 Чын куран 2023 17:33 Бишкек Govori.TV

Балыкчыда турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Шарипов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 17:52де түшкөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен барак үлгүсүндөгү үйдүн жалпы шыбы, чатыры, кире бериш бөлмөсү болуп жалпы 300метр2 аянты өрттөнгөн.
Өрт кырсыгы адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 94