• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Балыкчыда УКТ мүчөлөрү кармалды (видео)

17 Үчтүн айы 2022 10:25 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында денеге оор залака келтиргенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-январда болжол саат 20:30да Балыкчы шаардык милициясына шаардык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 31 жаштагы К.Э. жана Тоң районунун 32 жаштагы Э.Ч. аттуу тургуну денелеринен учтуу нерсе менен оор залака алганы аныкталган.

Аталган факты шаардык милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголгон. Ден соолукка келтирилген залалдын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталды. Алар Ысык-Көл облусунун тургундары, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турушкан 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И. болуп чыккан. Балыкчы шаарынын кире беришинде 16-январда шектүүлөрдүн унаасы токтотулуп, колго түшүрүлгөн. Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин шектүү катары кармалгандар Балыкчы шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 4482