Бүгүн, 23-сентябрда Балыкчы шаарында кыргыз тилинин майрамы салтанаттуу жөө жүрүш менен башталды. Анда шаардык мэриянын аппаратынын, мекеме, ишкана кызматкерлери, шаар тургундары жана студенттерден турган эки топтун бири Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөдө жайгашкан Саякбай Каралаев эстелигинен мэриянын имаратын көздөй бет алышты. Ал эми экинчи топ Аманбаев көчөсүндө жайгашкан С.Каралаев атындагы мектептен мэриянын алдына чогулушту. Бул тууралуу Балыкчыдагы өз кабарчыбыз кабарлады.
Катышуучулар мамлекеттик тууну бийик көтөрүшүп, кыргыз тилин даңазалаган ырлардын коштоосунда көңүлдүү жүрүштү.
Андан соң, шаардык мэриянын имаратынын алдында салтанаттуу жыйын башталды.
Жыйында кыргыз тилинин өнүгүү тарыхы жөнүндө баяндама жасалып, тилдин өнүгүшүнө барандуу салым кошкондорго ардак грамоталар ыйгарылды.
Мекеме жетекчилери мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тилинин мааниси жана маданиятыбыздагы ролу жана аны өнүктүрүүгө багытталган ой-пикирлерин айтышты.