• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда комуздун эстелиги орнотулду

23 Тогуздун айы 201817:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.10.2018.Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүндө чоң комуздун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу бүгүн шаардын мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, комуз колдо жасалып, 20 күндө тургузулган.

Шаардын көчөлөрүнө улуттук колориттеги, каада-салт жана үрп-адатты чагылдырган эстеликтерди коюу Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашууда.

Ошондой эле, алдыда боз үй, ак калпак, чүкөнүн да эстеликтерин тургузуу пландалууда.

Количество просмотров: 83