Балыкчы шаарынын Абдрахманов атындагы борбордук көчөсүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттарды сүрдүрө башташты. Иш жолду реконструкциялоонун алкагында жүргүзүлүүдө. Буга чейин шаардын борбордук көчөсү алты тилкеге кеңейтилери айтылган.
Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Султан Кермалиев башталган иштер боюнча пикир билдирип, эмнеге баары “сностон” башталып жатат деп кызыкты?
“Балыкчыда жол кенейтилет дегенди укканда кубандым. Бирок тан калтырганы — эмнеге баары снос (бузуу) менен башталып жатат? Балким, адегенде бир нерсе куруп, жумуш орундарын ачып, жарандардын турмушун жакшыртып алып, анан бузуу керек беле?.Бирок буйрук берилсе — ал талкууланбайт. Айрыкча максат жалпы эл үчүн болсо. Кенейтиле турган жолдун боюнда жайгашкан, 10 жылдык эмгегим менен курулган чакан объектым бар эле. Ошону буздуруу боюнча чечимди өзүм кабыл алып, тапшырма бердим”, — деген ал.
