• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолун реконструкциялоо быйыл аяктайт

25 Жалган куран 202616:26 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзгөн Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Учурда жолдун 0дөн 25-чакырымына чейинки тилкесинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жакын арада бул тилкени пайдаланууга берүү пландалууда.

Ал эми жолдун калган бөлүгүндө (25-чакырымдан 141,6-чакырымга чейин) курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин толугу менен бүтүрүү көздөлүүдө.

Ошентип, Ысык-Көлдүн түштүк жээгин бойлой кеткен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштери 2026-жылы толугу менен аяктайт.

Количество просмотров: 148