Балыкчынын жаңы мэри Султан Кермалиев кайрадан көңүл борборунда. Бул жолу талкуунун себеби анын элиталык Mercedes-Benz GL жол тандабасы болду.
Коомчулуктун өзгөчө көңүлүн мэрдин аты менен дал келген SULTAN деген жазуусу бар мамлекеттик номурлар бурду.
Автоунаанын сүрөттөрү социалдык тармактарда тездик менен тарап, анын келип чыгышы жана ээси тууралуу көптөгөн суроолорду жаратууда.
Буга чейин жаңы дайындалган мэрдин жергиликтүү каналдардын бирине берген маеги учурундагы жүрүм-туруму талкуу жараткан эле.