• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Убакыт берели этикасы оңолбосо анан көрөбүз». Жапаров жаңы мэр тууралуу үн катты

5 Теке 202513:22 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, Орусияга жумушчу сапары, андагы сүйлөшүүлөр, орус тилинин макамы, өлкөдөгү сөз эркиндиги жана Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэринин айланасындагы талкуулар боюнча пикирин билдирди.

Маек учурунда президент Садыр Жапаров журналисттин жаңы дайындалган Балыкчынын мэри тууралуу суроосуна жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул жигит Балыкчынын көл жээгин жасаган жигит. Чолпон-Атада дагы жакшы иштерди жасап жүрөт. Иш билги жигит экенин көрүп, Чолпон-Атага мэр болуп иштеп бер деп чакырсак мен Балыкчыга мэр болсом жакшы болот эле, Лас-Вегас кылат элем дегенинен макул деп Балыкчынын мэрин Чолпон-Атага жылдырып бул жигитти Балыкчыга мэр кылдык. Мен президент болуп келген 5 жылдын ичинде көп түрлүү адамдарды көрдүм. Бир түрү сөзгө чоркок бирок иштин майын чыгарат. Экинчи түрү тили укмуш сайрайт, бирок колунан эч нерсе келбегендерди да көрдүм. 2020-жылы жаштарды бийликке алып келиш керек деп эл талап койгондо жаштарды да министр кылып көрдүм. Беш ай иштей албай кызматтан кеткендер болду. Бизде жакшы кадрлар жетишпейт. Себеби 30 жыл кадр өстүргөн эмеспиз да. Мурда тааныш билиштик кылып эле кызматка ала беришчү. Албетте бул биздин трагедиябыз болгон».

Ошондой эле Жапаров жаңы мэр мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу деген пикирин да кошумчалады.

«Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да. Айбан эмес. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек. Балыкчыны өзү айткандай Лас-Вегас кылышы керек. Мамлекетке, элге анын тили эмес, жасаган иши пайда болот. Убакыт берели этикасы оңолбосо анан көрөбүз»,-деди ал.

Кечээ социалдык тармакта Балыкчынын мэринин “Serep TV” телеканалына берген маеги кызуу талкуу жараткан. 

Количество просмотров: 303