Токмоктун дүкөнүндө патрулдук милициянын инспектору банан менен алдамчылык кылган деп айыпталууда. Бул тууралуу соцтармактарда видео тарап жатат.
«Бул кызматкер биздин дүкөнгө келип, аз салмактагы банандарды алып, таразалап, баштыкка стикер чаптайт, андан кийин чоң салматагы банандарга алмаштырып кетет», — деп айтып беришкен дүкөндүн кызматкерлери.
Ички иштер министрлиги окуя боюнча комментарий бере элек.