• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Руслан Түмөнбаев соцтармакка тараган видео боюнча жооп берди

21 Тогуздун айы 202416:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан, 2008-жылы Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Руслан Түмөнбаев буга чейин соцтармакта тарган видеосу тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине комментарий берди.

Белгилей кетсек, буга чейин видео тарап анда Түмөнбаев бычак алып калыс тарапка чуркаганын тартылган.

Түмөнбаев бул окуя 4-5 ай мурун болгонун, чырдашкан адам аны жана үй-бүлөсүн кемсинткенин билдирди. Ошондой эле эч ким жаракат албаганын кошумчалады.

«Жакында мен уюштуруп жаткан спортук мелдеш өтөт. Видеону ошол мелдештин алдында таратып башташты. Муну атайын кылышты деп ойлойм», — деди Түмөнбаев.

Количество просмотров: 420