• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чүйдө атышуу болду (видео)

20 Жалган куран 2024 9:06 Бишкек Govori.TV

Чүйдө куралчандардын катышуусунда атышуу болгондугун соцтармактын колдонуучулары маалымдап, видео менен бөлүшүштү.

Видеодон куралчан, аскер формасындагы адамдарды көрүүгө болот. Видеонун автору жерге акча чачылып, атышуу болгонун айткан.

Ал эми Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен Кара-Балта шаарында Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери аны кармамакчы болгон спецназ менен УКМК кызматкерлеринен качып кеткен.

«Атайы адам кызматкери менен жолугуп, белгиленген акчаны берген. Бул учурда колго түшүрүү керек болчу, бирок шектүү бир нерсени байкап калып, дароо унаасыны менен качкан. Атайын күчтөр дөңгөлөккө ок чыгарган, бирок шектүү качып кетүүгө үлгүргөн. Ошол эле учурда шектүү белгиленген акчаны ыргытып жиберүүгө үлгүргөн. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат басылмада.

Азырынча милиция окуя тууралуу маалымат бере элек.

Количество просмотров: 886