• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Бандит” операциясы Нарында өттү. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү аныкталды

15 Баш оона 202519:09 Бишкек Govori.TV

КР УКМК тарабынан 13-14-август күндөрү уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин алкагында, ошондой эле коомдук коопсуздукту, укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоо максатында Нарын облусунун аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жана Нарын облусунун ИИБнын ыкчам каттоосунда турган адамдарга карата «Бандит» аталышындагы атайын иш-чара өткөрүлдү.

 Ыкчам аракеттердин натыйжасында, каттоодо турган Нарын облусунун 33 тургунунун ичинен 17 адам менен алдын алуу боюнча иш-чаралары өткөрүлдү.

УКМКнын маалыматына караганда, ошол эле учурда, мурда бир нече жолу оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон Нарын районунун 2 тургуну жана жоюлган К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү криминалдык идеяларынан баш тартышты. 

Аталган категориядагы калган 16 адам ичинен – 5 адам убактылуу кармоочу жайда, 11 адам катталган жеринде жашабагандыктан, тиешелүү иш-чаралар, анын ичинде ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда

Количество просмотров: 434