• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бангладештеги өрт сегиз адамдын өмүрүн алды

18 Бирдин айы 2019 9:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.

Бангладештин Чаттограмма шаарында негизинен кедей-кембагалдар жашаган райондо чыккан өрттөн сегиз киши каза таап, 200дөн ашуун турак жай жараксыз абалга келди.

Тилсиз жоо 17-февралдын таңында тургундардын көбү уктап жаткан маалда чыккан. Бул тууралуу DPA агенттигине Өрт өчүрүү башкармалыгынын жетекчиси Али Ахмед билдирди. Анын айтымында, кырсыктан 50дөй киши жабыркады.

Жыл сайын Бангладеште өрттөн жүздөгөн адамдар каза табат. 2013-жылы баш калаа Даккада фабриканын имараты кулап, 1100дөй адам өмүрү менен кош айтышкан.

Количество просмотров: 24