• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Бардык айыптоо калп, абсурд». Тенгиз Бөлтүрүк козголгон иштер тууралуу комментарий берди

15 Аяк оона 2022 16:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралууда. Сот залына алынып келинген Тенгиз Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш ишин «акылга сыйбаган иш» деп билдирди.

“Бардык айыптоо калп, абсурд. Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы мен аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылтоо негизсиз. Мени эмне үчүн айыптап жатышканын өзүм жакшы түшүнбөй жатам. Өлкө үчүн колумдан келгенин кылдым. Мен тазамын, акыркына чейин териштиришсин”, — деди Бөлтүрүк.

Башкы прокуратура буга чейин “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү кармаган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган.

Количество просмотров: 395