• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«Барселона» «Ливерпульга» 4:0 эсебинде жеңилди

8 Бугу 20199:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.

Европанын Чемпиондор лигасынын алкагында жарым финалдык оюндардын жооптуу беттеши башталып, Англиянын “Ливерпуль” клубу өз үйүндө Каталондун “Барселона” командасын кабыл алды.

“Ливерпуль” бир жума мурда “Барселонага” 3:0 эсебинде утулгандыктан, финалга жолдомо алуу үчүн кеминде төрт гол киргизүү тапшырмасы турган. Натыйжада Англиянын клубу түндө бул тапшырманы аткарып, Ориги жана Вейналдумдун экиден голдору “Ливерпульга” 4:0 эсебин камсыз кылып берди.

Ал эми курамында дүйнөнүн беш жолку мыкты оюнчусу Леонель Месси баш болгон “Барселона” бул оюнда гол киргизе албай, Чемпиондор лигасынан четтеди.

Бүгүн Чемпиондор лигасынын жарым финалы алкагында экинчи жуптун оюну болот. Анда Голландиянын “Аякс” клубу өз үйүндө Англиянын “Тоттенхем” командасын кабыл алат. Бул эки команданын биринчи оюну 1:0 эсебине “Аякстын” жеңиши менен аяктаган.

Количество просмотров: 18