• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башаламан таштанды ыргыткандарга айып салынды

13 Тогуздун айы 2021 18:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Санитардык-экологиялык инспекция шаардын тазалыгына рейд жүргүзүүнү күчөттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын маалыматына ылайык, шаардыктар таштандыларды алып чыгып, жолдун боюна таштап кетишет.

«Бүгүн эртең менен эки мыйзам бузуучу аныкталды. Киев көчөсүндөгү «Ploika» дүкөнү, Москва көчөсүндөгү «Радуга» балдар товарларынын дүкөнү жана Панфилов көчөсүнүн 293 -үйүнүн тургуну 71-беренеге ылайык, ар бири 5500 сомдон айып пул төлөшөт», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги стихиялуу соодагерлер таштандыларды сугат тармагына ыргытышып, суунун өтүүсүн бууп салышкан. Буга байланыштуу шаар тургуну М.Койчумановго 70-берене боюнча 3 миң сомго протокол түзүлдү.

Шаардыктар менен жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бардык мыйзам бузуулар боюнча токтомдор чыгарылды.

Количество просмотров: 185