• Дүйшөмбү 15 Кулжа 2026
  • Понедельник 15 Июнь 2026

Туура эмес жерге таштанды төккөндөргө айып салынды

15 Кулжа 202616:27 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын бузуп, таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштаган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Рейддик иш-чаралардын алкагында түзүлгөн эки административдик протоколдун негизинде мыйзам бузгандарга жалпысынан 46 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддер өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу түрдө жүрүп жатканын эскертет.

«Санитардык тартипти бузуп, жаратылышка зыян келтирген жеке жана юридикалык жактарга карата мыйзам чегинде 23 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өлкө боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана тазалыкты сактоо багытындагы көзөмөл иштери күчөтүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 22