• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Башка өлкөдөн көчүрүлгөн мыйзамдын пайдасы барбы?

15 Бирдин айы 2023 14:54 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыккан мыйзам долбоорлору плагиат болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирген. Эл өкүлү “Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда сунуштады. Анын айтымында, мыйзам долбоору «Россия Федерациясындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө» федералдык мыйзамдын негизинде иштелип чыккан. «Кээ бирөөлөр бул плагиат деп айтышы мүмкүн, демилгечилер документти орус тилинен көчүрүп алышкан. Плагиат — бул башка бирөөнүн эмгегин өзүнө ыйгарып, булагын көрсөтпөө. Ал эми негиздөөчү күбөлүктө мыйзам долбооруна орус мыйзамдары негиз катары алынганын көрсөтсөңүз, бул плагиат эмес. Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мындай кылууга тыюу салбайт”, — дейт Султанбай Айжигитов. Ал ошондой эле ЕАЭБ мүчөлөрү мыйзамдардын бирдейлигине умтулуп жатканын белгиледи.

Бул туурулуу Парламенттин депутаттарынан башка өлкөдөн көчүрүлгөн мыйзамдардын өлкөгө тийгизген пайдасы жана кемчилиги тууралуу сурап көрдүк.

Толугу менен төмөнкү жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 115