• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Башка оорудан каза болгондордун жакындарына акча сунушталып жатат» деген маалымат боюнча Өкмөт үн катты

23 Кулжа 2020 18:09 Бишкек Govori.TV

Бийлик COVID-19 вирусу боюнча статистиканы акча алыш үчүн атайын көбөйтүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова билдирди.

«Башка оорудан каза болгон жарандарды COVID-19 вирусунан көз жумду деп жаздырыш үчүн акча сунуштап жатат деген эл ичинде ар кандай кептер жүрүүдө. Бирок бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Эге ушул сыяктуу айтылган учурларды угуп калсаңыздар, бизге билдириңиздер. Ар бир факты боюнча тыкыр текшерүү жүргүзүлөт», — деди Исмаилова.

Количество просмотров: 348