• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Башкалардын пайдасына гуманитардык жардамдан баш тарткандар

11 Чын куран 2020 17:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте каттоодо турган 403 муктаж үй-бүлө  гуманитардык жардам катары берилген  ундан баш тартышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев билдирген.

«Жардам катары берилген ундан баш тарткандар бар. Үйүндө ундары бар тургундар башка муктаж кошуналарына беришибизди суранышты ”, — деп билдирген  Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-апрелде Бишкекте 56 миң муктаж үй-бүлөгө жардам берилген. Алдыда дагы 40 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүү пландалууда.

Муктаж үй-бүлөлөргө жардам 5 багыт боюнча берилип жатат:

1-багыт: материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн жардам – 6 миң кап ун;

2-багыт: «Алибаба» жана «Джек Ма» фондунан келген жардам –14 миң азык-түлүк себети;

3-багыт: бизнес коомчулук тарабынан берилген жардам – күнүмдүк керектөөдөгү 20 миң азык-түлүк себети;

4-багыт: шаардык бюджеттен бөлүнгөн жардам;

5-багыт: Чүй облусунун администрациясы менен биргеликте шаар четинде турган конуштарга көрсөтүлгөн жардам.

Эскерте кетсек, жашоодо оор учурга туш болуп, жардам керек болсо мэриянын 118 түз байланыш номерине кайрылууга, мэриянын сайтында арыз калтырууга же райондук штабдарга кайрылууга болот.

Биринчи май району: 0(312) 661537, 0702 493993, 0990 644410;
Ленин району: 0(312) 656920, 0551 184328;
Свердлов району: 0(312) 360707, 0703 906116, 0705 641833;
Октябрь району: 0(312) 576550, 0555 401681, 0709 812324.
Мэриянын ыктыярчылар штабы: 0551 573989.

Количество просмотров: 431