• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгонун тастыктады

22 Үчтүн айы 2021 18:37 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгонун тастыктады.

Маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, төмөндөгүлөр аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жер кодексинин талаптарына ылайык жер, анын кен байлыктары, өсүмдүктөрү, жаныбарлары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин, иш аракетинин негизи катары пайдалынат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат, ал эми жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

Бирок, Кыргыз Республикасынын УКМКнын мурдагы жетекчиси А.Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен жогоруда көрсөтүлгөн Башкы мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузушуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүктөрүнө кол салышып, мыйзамсыз ээлеп алуу максатында коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүп, андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Ошону менен бирге, А.Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалашып жана бул кылмыштуу кыймыл-аракеттерине мыйзамдуу түр жаратуу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин жеке менчиктерине өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары, А.Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К.Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 20-январында Башкы прокуратура тарабынан чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-бер. 1-б. (Коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 164