Бишкек. 19.09.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура “Белизгейт” боюнча териштирүүсүн улантмай болду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып мекеменин орун басары Нурлан Дүйшембиев билдирди.
Ал быйыл 31-июлда Башкы прокуратура “Белизгейт” боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартканын, бирок 18-сентябрда ошол токтомун кайра жокко чыгарганын билдирди.
Эми, анын айтымында, кошумча териштирүү жүрүп, ишке жаңы юридикалык баа берилет.