• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Govori.TV «Кыйын» долбоору аркылуу жүздөгөн айымдарга багыт берди

13 декабря 2021 в 16:26 Бишкек Govori.TV

Govori.TV “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Окутуу семинарына Кыргызстандын 7 дубанынан келген 17 айым катышты. Алардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Бул жолу тренингди Govori.TVнын негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, Жогорку соттун төрайымы Нүргүл Бакирова, Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, юрист Атыр Абдрахматова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы жана маркетолог Ормон Амангелдиевдер өткөрдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова региондордогу айымдар бүгүнкү күндө алгылыктуу иштерди жасап жатканын белгилеп, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү керектигине токтолду.

Окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. 6-жолу өтүп жаткан тренингге жалпысынан 100дөн ашуун аял катышты. GOVORI.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова «Кыйын» долбоору максатына жеткенин белгиледи.

Долбоордун модераторлорунун бири Махинур Ниязова айымдардын өзүнө болгон ишенимин артыруу максатында «Кыйын» долбоору пайда болгонун айтат.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. 3 күндүк окутуу иш-чарасына катышкан айымдар өздөрүнүн эмоциялары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, окутуу Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Govori.TV мультимедиалык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулду.

Количество просмотров: 757

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда