• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Бишкекте жалган «прокурор» кармалды

20 Бугу 2022 13:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 миң сом өлчөмүндө акчасын алган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган жаран Б.улуу А. социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле акча үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катышы аныкталууда.

Количество просмотров: 2806