• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башкы прокуратура чек арадагы чыр боюнча иш козгоду

30 Чын куран 2021 4:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалдан улам кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  прокуратура Жазык кодексинин 380-беренесинин («Тынчтыкка каршы кылмыштар») негизинде кылмыш ишин козгоду. 

Сотко чейинки өндүрүштү тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.

«Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракети мамлекеттин суверендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык жана агрессия катары бааланат. Алар эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, ок чыгарышты», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак,  28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Кийин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Эки тарап  ок атууну толугу менен токтотуп, аскердик күчтөрдү алып кетүүгө макулдашып, учурда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатат.

Акыркы маалымат боюнча, окуядан 84 киши жаракат алып, үч киши көз жумду.

Количество просмотров: 1045