• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Энергетикадагы коррупция боюнча 4 кылмыш иши козголду

12 Чын куран 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун энергетика тармагындагы коррупциялык иштер боюнча берген тапшырмасынын алкагында 4 кылмыш иши козголуп, тергөө тобу түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

«Президенттин тапшырмасына ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталып, аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан «Коррупция» беренеси менен “Ошэлектр”, “Жалал-Абадэлектр» “Чыгышэлектр” жана “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомдорунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 4 кылмыш иши козголуп, тергөө тобу түзүлгөн. Тергөөдө 2016-2020 жыл аралыгында “Чыгышэлектр” акционердик коомунун кызмат адамдары тарабынан — 19 млн. 32 миң 175 сом, “Түндүкэлектр” 39 млн. сом, “Ошэлектр” — 134 млн. 402 миң 234 сом, «Жалал-Абадэлектр” 12 млн. 192 миң 598 сомдук электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган», — деди ал.

Количество просмотров: 226