• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокуратура Кадыр Атамбаевге жооп берди

30 Аяк оона 2020 11:07 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин 28-сентябрь күнү “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган видеосуна жооп кайтарды. Бул тууралуу аталган органдын расмий сайтына жарыяланды.

29-сентябрда таратылган маалыматта Конституциянын 104-беренесине ылайык, прокуратурага иликтеп-тергөөчү органдардын ишине көзөмөл кылуу милдети жүктөлгөнү кабарланган. Мындан тышкары Кыргызстандын 1999-жылы кабыл алынган Кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-беренесинде прокурор кылмыш ишин иликтөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл кылууга, кылмыш ишин иликтөөнү тергөөчүгө же тергөө тобуна тапшырууга, тергөөчүгө берилген ишенбөөчүлүккө уруксат берүүгө, тергөөчүгө кылмыш ишин иликтөө боюнча кат түрүндө көрсөтмө берүүгө, кылмыш ишин квалификациялоого, прокурордун ишине макул болбогон тергөөчүнүн каршылыгын кароого укуктуулугу көрсөтүлгөн.

“Кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-4-беренесине ылайык, прокурордун тергөө жана иликтөө органдарына арыздарды кароо, кылмыш жана иликтөө тууралуу билдирүү боюнча берген көрсөтмөсү милдеттүү болуп саналат. 2019-жылы 26-августта Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоодогу коррупциялык иштер боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишин изилдеген. Натыйжада Кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-беренеси боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына кат түрүндө көрсөтмө берилген. Прокурордун көрсөтмөсүн аткаруу ушул эле кодекстин 36-беренесине ылайык, тергөөчүнүн милдети болуп саналат. Эгер тергөөчү прокурордун көрсөтмөсүнө макул болбосо, анын үстүндөгү прокурорго өз жүйөсүн кат түрүндө билдирүүгө укуктуу. Бирок бул аракети анын прокурордун берген көрсөтмөсүн аткарбай коюусуна жол бербейт”,-деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Мамлекеттик тарых музейине байланыштуу кылмыш ишинде УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнө каршылык болгон эмес.

2018-жылы прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген беренеге ылайык, өлкөнүн бардык укук коргоо органдарында иликтенип-тергелип жаткан кылмыш иштери изилденип чыккан. Анын натыйжасында иликтеп-тергөө органдарына 7688 көрсөтмө кат түрүндө берилген.

Ошондой эле маалыматта Кадыр Атамбаев сөз кылган Арстанбек Боромбаев прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жатканы, анын басымдуу бөлүгүн жетекчилик кызматтарда иштегени маалымдалган. 2019-жылы Башкы прокуратуранын бөлүм башчылык кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганы, жакшы кызматы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгону тууралуу жазылган.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү баласы Кадыр Атамбаев 28-сентябрь күнү «Апрель» каналы аркылуу жасаган билдирүүсүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Анда ал мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Башкы прокуратурада бөлүм башчы болуп иштеген жээни Арстанбек Боромбаев мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун кылмыш ишин көзөмөлдөгөнүн айткан.

Количество просмотров: 178