• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Башкы прокуратура: Мамлекетке 6 млн сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды

25 Үчтүн айы 202112:12 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Алай райондук прокуратурасы социалдык инфраструктура объекттерин курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы Ош областтык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектебинин спортзалын жана ашканасын куруу боюнча конкурс өткөрүлүп, курулуш ишин 24 млн. 202 миң 850 сомго аткарууну сунуштаган «С.» ЖЧКму жеңүүчү деп табылып, тийиштүү келишим түзүлгөн.

«Жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталгандай, түзүлгөн келишимдин шарттарында акча каражатын алдын-ала төлөө жагы көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жогорудагы ЖЧКнын дарегине акча каражат толугу менен которулуп берилип, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектебинин спортзалын жана ашканасын куруу иштери аяктабай токтоп калып, мамлекетке жалпы 6 млн. 382 тыс. 225 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. 2-бөл. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 286