• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Башкы прокуратура MegaComдун жана салык кызматынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

18 Бирдин айы 2022 12:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына жана алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөргө карата коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында айрым адамдар тарабынан жогорку сапаттагы заманбап жабдууларды колдонуу менен алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды көп санда мыйзамсыз даярдоо уюштурулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында жазылат.

Маалыматта айтылгандай, Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте К.Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 469 даана маркалоо коддору (QR коддору), 8 миң сапаты күмөн жараткан алкоголдук продукциялардын акциздик маркалары, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган буюмдар жана каражаттар алынган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан К.Ж.Э. аттуу жаранга жана башка адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоонун улуттук операторунун жооптуу адамдарына жана айрым алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан K.Ж.Э. кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 369