• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Башкы прокуратура министр Бейшеналиевге эскертүү берди

25 Жалган куран 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим ЖМКларга жарыяланган жана жарандардан келген маалыматтарды жана билдирүүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Алымкадыр Бейшеналиевдин Талас облусунун өкүлдөрүнө карата айтылган сөздөрү тараган, өлкөнүн башкы көзөмөл органы министрдин жүрүм-туруму этикага туура келбейт деп эсептейт.

Количество просмотров: 305