• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Башкы прокуратура мобилдик тиркеме аркылуу жарандарга кеңеш берет

23 Кулжа 202117:15 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 23-июнунда Башкы прокуратуранын пресс-борборунда “Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемесинин жана аталган ведомствонун жаңыланган расмий сайтынын презентациясы болуп өттү.

Иш-чарада коомчулуктун суроо-талаптарынын эске алуу менен иштелип чыккан, жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүгө жана прокуратура органдарына кайрылууга ыңгайлаштырылган “Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемеси жана расмий сайтынын жаңыланган версиясы журналисттерге тааныштырылды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Белек Калыков өз сөзүндө, прокуратуранын артыкчылыктуу багыты адам укугун коргоо экендигин жана аталган органдын кызматкерлеринин бардык иш-аракеттери жөнөкөй жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталгандыгын белгиледи.

Б.Калыковдун айтымында, мобилдик тиркеме жарандардын прокуратура органдары менен өз ара байланышын бекемдеп, прокуратуранын ишинин натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөт.

Аталган мобилдик тиркемени Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын www.prokuror.kg расмий сайтынан көчүрүп алууга болот.

“Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемеси Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-чи фаза» Программмасынын көмөктөшүүсү иштелип чыкты.

Количество просмотров: 89