• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Таласта 16 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтарылды

23 Чын куран 2021 11:48 Бишкек Govori.TV

Кара-Буура райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жайыт жерлер мамлекеттин гана менчиги экендигине карабастан, 2005-жылы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери жайыттан 16 гектар жер тилкесин А.Э. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке беришкен.

«Мыйзамсыз берилген жайыт жерди мамлекетке алуу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко тиешелүү доо арыздар киргизилип, алар толугу менен канааттандырылган жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде, райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгы тарабынан жогорудагы кыймылсыз мүлккө карата менчик укугу тууралуу акты берилип кеткен. Бул факты боюнча айыл өкмөтүнүн жана мамкаттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Количество просмотров: 67