• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Башкы прокуратура: ЖК макулдук берсе Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигеновдор жоопкерчиликке тартылышат

7 Бештин айы 2021 23:51 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-майында ЖК депутаттары А. Жээнбековго жана Т. Зулпукаровго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө коррупция») каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу, 2021-жылдын 26-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Б. Жетигеновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 38, 309-беренелеринде («бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү») каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу шектелгендиктери боюнча кабарламалар берилип, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.

2021-жылдын 1-декабрына чейин иштеген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин негизинде Жогорку Кеңештин аталган депутаттарын жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн башкы прокурор 2021-жылдын 24 жана 29-ноябрында Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларды киргизген.

Башкы прокурордун сунуштамаларынын кароонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында карап добуш берүү жолу менен жогорудагы депутаттарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат.

Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечиминин негизинде алынат.

Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш макулдук берген учурда көрсөтүлгөн депутаттар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат, ал эми, макулдук берүүдөн баш тартуусу, депутаттардын камактан бошотулушуна негиз болот, жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аларга карата иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

Количество просмотров: 750