• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Айзиректин өлүмү: Дагы бир блогер менен депутатты жоопко тартуу сунушталууда

9 Кулжа 202511:16 Бишкек Govori.TV

Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеваны кемсинткен дагы бир блогерди жоопко тартуу керектиги айтылды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров өзүнүн соцтармак баракчасына билдирди.

Анын айтымында, Бауыржан аттуу блогер социалдык тармактарда каза болгон келиндин ар-намысына шек келтирген билдирүүлөрдү тараткан.

Демилгечи топ блоггерге каршы жамааттык арыз үчүн кайрадан кол топтоп, аны адвокат менен бирге милицияга тапшырууга ниеттенүүдө.

Ошондой эле адвокаттын айтымында Жалал-Абаддын шаардык кеңешинин депутаты Зарылбек Салиевди да жоопкерчиликке тартуу сунушу бар.

Количество просмотров: 2116